Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Армения Венгрияга, Азербайжанга нааразылык билдирүүдө


Расмий Еревандын айтымында, ал Азербайжан Венгриядан экстрадицияланган аскерди эркиндикке чыгарганына нааразылык билдирип, ЕККУнун Минск тобунун тең төрагаларына кат жолдойт.

2004-жылы НАТОнун окуусу учурунда армян офицерин өлтүргөн азербайжан офицери Рамил Сафаровду мекенине экстрадициялаганы үчүн кечээ Армения Венгрия менен дипломатиялык мамилесин токтоткон болчу.

Венгрия соту өмүр бою түрмөгө кескен Сафаров кечээ Азербайжанга келгенде президент Илхам Алиев ага кечирим берген.

Венгр тараптын ырастоосунда, Будапешт азери аскери расмий Баку ал мекенинде жаза өтөөнү улантарына кепилдик берген соң гана экстрадицияланган.

Бул жаңжалдан улам Армения арызданып жаткан ЕККУнун Минск тобуна Франция, Орусия, АКШ тең төрагалык кылат. Ал Армения менен Азербайжандын Тоолуу-Карабак чатагын чечүүнүн үстүндө иштеп келет.

АКШ Азербайжан адам өлтүргөн аскер кызматчысына кечирим беришине “терең тынчыздануусун” билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG