Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

Ала-Бука: ата-энелер класстардын жабылышына каршы


Ала-Бука районунда Ботоев атындагы орто мектептин 10-11-класстарын жабуу аракеттери жасалып жатканы кабарланды. Ал эки класста окуй турган 24 бала 5-6 чакырым алыс жайгашкан коңшу мектепте билим алуу кыйын болорун айтышууда. Ата-энелер балдарды ошол мектепте калтырууну жана окууну өз чөнтөгүнөн каржылап турууну чечип, бүгүн кечинде чогулуш өткөрүшөт.

Мектеп 1997-жылы Балтагулов атындагы айыл өкмөттүн Кажар айылындагы ата-энелердин каражатына курулган. Бул тууралуу "Азаттыкка" айылдын ата-энелер комитетинин төрагасы Маматкадыр Кутманов билдирди. Анын айтымында, ата-энелер окуучулары аз санда болгон класстар жабылып, аларды окутууга каражат жоктугун билдирген райондук билим берүү бөлүмү менен Каржы министрлигине нааразы болушууда.

143 адам кол коюп, ушундай талап менен бир апта мурда президенттин атына жөнөтүлгөн катка азырынча жооп келе элек.

Ал арада райондун акими Атантай Рыскулов класстар жабылбай турганын билдирди. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG