Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:42

Социалдык коргоо министрлигинин жооптуу кызматкери камалды


Социалдык коргоо министрлигинин департамент башчысы Гүлнара Дербишева пара алды деген шек менен Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө изоляторуна бир айлык мөөнөткө камакка алынды. Мындай чечимди 1-сентябрда Биринчи май райондук соту чыгарды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" «Жарандык коом коррупцияга каршы» укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова өз байкоолоруна таянып билдирди. Укук коргоочунун айтымына караганда, Дербишеваны антикоррупциялык кызмат 31-августта Орто-Сай базарынын жанынан Кылмыш Кодексинин 313-беренесине ылайык пара алды деген шек менен кармаган. Мындай маалыматты "Азаттыкка" Дербишеванын адвокаты Искендер Жоробаев да тастыктады.

Социалдык коргоо министринин милдетин аткаруучу Эдил Байсалов комментарий берген жок. Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул факт боюнча маалымат тарата элек.

Буга чейин ушундай эле шек менен Социалдык коргоо министри Равшан Сабиров камакка алынып, кийинчерээк үй камагына чыгарылган. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG