Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Азербайжан Венгрия түрмөдөн чыгарган аскер кызматчынын чинин көтөрдү


Армян демонстранттары венгер желегин өрттөөдө. 1-сентябрь, 2012-жыл.
Армян демонстранттары венгер желегин өрттөөдө. 1-сентябрь, 2012-жыл.
Азери коргоо министри Сафар Адиев бүгүн лейтенат Рамил Сафаровго майор чинин ыйгарды. Венгрияда өмүр бою түрмө жазасын өтөп жаткан Сафаров кечээ мекенине экстрадицияланып, бирок Бакуга келген соң эркиндикке чыгарылып, азери президенти Илхам Алиев ага мунапыс берген.

Сафаров Венгрияда 2004-жылы, НАТОнун окуусу учурунда армян офицерин өлтүргөнү үчүн өмүр бою түрмө жазасына кесилген.

Эми анын эркиндикке чыгышы армян тараптын нааразылыгын жаратты. Бул окуядан соң Армения кечээ Венгрия менен дипломатиялык мамилесин үздү.

Расмий Еревандын айтымында, ал Азербайжан менен Венгриянын соңку кадамынан улам ЕККУнун Минск тобунун тең төрагаларына кат жолдойт.

ЕККУнун Минск тобуна Франция, Орусия, АКШ тең төрагалык кылат. Ал Армения менен Азербайжандын Тоолуу-Карабак чатагын чечүү үстүндө иштеп келүүдө.

Венгер тараптын ырастоосунда, Будапешт азери аскер кызматчысы расмий Баку ал мекенинде жаза өтөөнү улантарына кепилдик берген соң гана экстрадицияланган.

Бул аралыкта бүгүн Венгриянын Еревандагы консулдугу алдына жыйналган жүздөгөн армяндар, венгер желегин өрттөп, консулдуктун имаратына жумуртка, помидор, тыйын ыргытышты.

АКШ Азербайжан адам өлтүргөн аскер кызматчысын эркиндикке чыгаруусуна “терең тынчыздануусун” билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG