Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттөгү иш сапар менен Кытайдын Үрүмчү шаарында жүрөт. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эки күндүк иш сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев Кытай-Евразия - ЭКСПО-2012 көргөзмөсүнө катышып, ачылышында сөз сүйлөдү жана Кытайдын мамлекеттик кеңешинин башчысы Вэнь Цзябао менен жолугушту.
Жолугушууда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу баштаган бир нече ири долбоорлорду ишке ашыруунун жол-жобосу талкууланды.(BkA)