Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:50

Пакистанда Курандын айрыгы үчүн имам камакка алынды


Укук коргоочулар камактагы кызды колдоп чыгышкан. Карачи, 25-август, 2012-жыл.

Укук коргоочулар камактагы кызды колдоп чыгышкан. Карачи, 25-август, 2012-жыл.

Халид Чишти ысымдуу имам Куран китептин күйгөн кагаздарынын айрыктарын христиан кыздын сумкасына салып койгон деп шектелүүдө. Буга чейин өткөн айда камакка алынган кызды коңшулары Куран китепти өрттөгөнү үчүн айыптап, жазалоону талап кылышкан. Ал - борбор Исламабаддын чет жакасынын жашоочусу.

Пакистандын мыйзамдары ислам динине акараат келтирген адамды өлүм жазасына чейин тартууга жол берет.

Эми имамдын камалуусу кыздын түрмөдөн чыгуусуна алып баруусу мүмкүн жана исламга акараат келтиргендерди жазалоо мыйзамы боюнча жаңы талкууларды жаратчудай. Анткени мыйзамдын сынчылары ал өлкөдөгү диний азчылыктарды кодуларын айтып келишкен.

Өспүрүм курактагы христиан кыздын сумкасынан Курандын күйүндүлөрүнүн табылышы менен байланышкан окуя ал кыздын акыл-эси ордунда эмес деген маалыматтардан улам да бир топ талаш жараткан эле. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG