Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:07

Түптөгү өрт токтой элек


Түп райоунундагы “Солдат” капчыгайында 3 күндөн бери өчүрүлүүгө аракет кылынып жаткан өрттү өчүрүүгө бүгүн да 200 адам чыгат. Ошол жакта жүргөн мамлекеттик өрткө каршы кызматынын агенттигинин директору Мирлан Молдакматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, өрттүн жайылуусу токтоду.

Болжол менен 150 гектардай жер күйдү, анын ичинде 20 гектары карагай токойу. Өрт болуп жаткан жер өтө бийик болгондуктан суу менен өчүрүү мүмкүнчүлүгү жок. 200дөн ашуун адам өрттү жайылтпаш үчүн күрөк менен арык казып, дагы башка ыкмаларды колдонууда. Казакстандын куткаруу кызматынын бир тик учагы үч ирет суу чачып, жардам берди.

Капчыгайдагы өрт 31-августта чыккан, себептери азырынча белгисиз. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG