Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Конституциялык палатанын судьялыгы үчүн сынак кыргыз тилинде өтөт


Сотторду тандоо кеңешинин маалымат катчысы Кундуз Жолдубаеванын “Азаттыкка” айтымында, талапкерлер адам укуктарына байланыштуу бекитилген 207 темадан бирөөсүн тандап алат. “Конституциялык палатанын судьялары мамлекеттик тилди билиши керек” деген мыйзамга ылайык, баян кыргыз тилинде жазылат.

Бүгүндөн тартып Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьяларына сынак жарыяланды. Эми 9-сентябрга чейин талапкерлердин арызы кабыл алынат, ал эми 18-сентябрдан тарта тандоо сынагы башталат. Сынак Жогорку Соттун судьяларын тандоо тартибиндей эле үч турда өтөт. 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, Конституциялык Сот жоюлуп, анын ордуна Жогорку Сот алдында Конституциялык палата түзүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG