Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

УКМК: Дербишева 7 миң доллар пара менен кармалган


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы антикоррупциялык кызматы ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 31-августта Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Социалдык камсыздандыруу департаментинин директору Гүлнара Дербишеваны 7 миң доллар пара менен кармаган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматта Дербишева Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп турган учурда чет өлкөгө бала асыроо боюнча сынакка катышкан чет элдик уюмдан 30 миң доллар пара алгандыгы белгиленген.

Башкы прокуратура “пара талап кылуу”, “пара алуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда Дербишева УКМКнын убактылуу жайында кармалууда. Тергөө-иликтөө иштери уланууда.

Буга чейин ушундай эле шек менен Социалдык коргоо министри Равшан Сабиров камакка алынып, кийинчерээк үй камагына чыгарылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG