Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Кыргызстандын эки элчиси кызматтан алынды


Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси Бактыгүл Каламбекова ээлеген кызматынан бошотулду. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Кыргызстандын Белорус, Латвия, Литва мамлекеттериндеги элчиси Эрик Асаналиев кызматынан алынды. Ал эми Орусиянын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу болуп Төлөнбай Кожобаев дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Мурдарак Жаныш Бакиевдин Минскиде жүргөнү тууралуу маалымат тарагандан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Белорустагы элчи Эрик Асаналиевди чакыртып алган. ТИМ элчини кеңешүү үчүн чакыртканын билдирген болчу. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG