Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:24

Ричард Вильд: ШКУ адам укугун бузууга расмий жол берет


Адам укугу боюнча эл аралык федерациянын билдиришинче, Шанхай кызматташуу уюму - ШКУ анын мүчөлөрү тарабынан “адам укугун бузуунун каражаты” ирети колдонулат. Парижде жайгашкан береги уюм 3-сентябрда жарыялаган докладда Шанхай келишиминде уюмдун бардык мүчөлөрү террорчу деп айыпталган адамдарды эч кандай далили жок туруп, өткөрүп берүүнү анын кайсы бир мүчөсүнөн талап кылса, бул өлкө аларды экстрадициялоого милдеттендирилгени белгиленет. Ага ылайык, ШКУ мүчөлөрү уюмга мүчө кайсы бир өлкөгө эл аралык мыйзамга ылайык чыгып кеткен диссидентти террорчу деп өткөрүп берүүнү сурай алат.

Бул жөнүндө докладдын авторлорунун бири, Гринвич университетинин окутуучусу Ричард Вильд мындай деди:

- Шанхай кызматташуу уюмунун адам укугуна коркунуч туудурган себеби, ал бир жагынан эл аралык оюндарда адам укугу жөнүндө сүйлөп, ошо эле убакта адамдарды далилсиз шектенүүнүн негизинде өткөрүп берүүнүн макулдашылган регионалдык формасына айланган. Мында эч кандай айкындык жана эл аралык көзөмөл да жок.

ШКУ 2001-жылы негизделген. Уюмга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Тажикстан, Орусия жана Өзбекстан мүчө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG