Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

“Мегакомго” жаңы директор дайындалды


“Мегаком” байланыш операторуна ээлик кылган "Альфа Телеком" ишканасынын башкы директору болуп Азат Базаркулов дайындалды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан тастыкташты. Маалыматка ылайык, башкы директордун милдетин аткарып жаткан Азамат Урбаев өзү жазган арызына ылайык кызматынан алынды.

Компаниянын андан мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиев, анын кеңешчиси Алмазбек Абеков жана курулуш компаниясынын башчысы Аман уулу Кенжебек “мыйзамсыз каражатты мыйзамдаштырган” деген жана башка бир топ беренелер боюнча айыпталууда. Тергелип бүткөн ишти Биринчи май райондук соту кайра тергөөгө жөнөттү. Алар коррупциялык жол менен мамлекетке 142 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген шек менен кармалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG