Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Швейцарияда “Кыргызстанга көпүрө” коомдук уюму ишке кирди


Швейцарияда жашаган журналист Кайрат Биримкуловдун демилгеси менен түптөлгөн бул уюмдун алгачкы жыйыны Криенс шаарында өтүп, ага Швейцарияда жашаган кыргызстандыктар, мурда Кыргызстанда жашап кеткен немис жана казак улутундагы өкүлдөр катышты. Жыйынга социалдык маселелер боюнча жергиликтүү адистер да чакырылып, алар жаңы түзүлгөн уюм аркылуу ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштарды айтышты. Мындай жыйын 31-августта өткөнүн аталган уюмдан бүгүн "Азаттыкка" кабарлашты.

“Кыргызстанга көпүрө” уюмунун тең төрагалары болуп кыргызстандык Кайрат Биримкулов, швейцариялык Ганс Петер Пляйш шайланды.

- Өткөн жылы долбоор жазып, Швейцариядагы “Криенс жардамга муктаждарга кол сунат” деп аталган фонд Кыргызстандагы психикалык оорулуу балдардын санаториясына 10 миң АКШ доллар өлчөмүндө жардам берген. Эми жаңы түзүлгөн уюм аркылуу ушул сыяктуу колдоолорду көбөйтөлү деп турабыз, - деди уюмдун жетекчиси Кайрат Биримкулов “Азаттыкка”.

XS
SM
MD
LG