Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Тиленов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды


Бул маалыматты “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов өзү тастыктады. Ал арызында бул кызматты аркалоого моралдык укугу жок экенин белгилеген. Арыз учурда президент Алмазбек Атамбаевдин кароосунда.

Мындан мурдараак Чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары Рыскелди Мусаев жана дагы бир орун басар Таалайбек Адашпасов кызматтан алынганы кабарланган.

20-августта Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш бекетинде Балбай Кулбарак уулу аттуу аскер төрт кызматташын жана алардын бирөөсүнүн аялын атып өлтүргөн. Өзү эртеси колго түшүрүү учурунда окко учкан.

Эчкили-Таш бекетиндеги окуяны бүгүн Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу комитети УКМК жетекчиси Шамил Атахановдун катышуусунда талкуулады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG