Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Москва Азербайжан менен Венгрияны сындады


Расмий Москва өмүр бою эркинен ажыратылган азери офицерге эркиндик берилгени үчүн Азербайжан жана Венгрияны сындады. Орусиянын тышкы иштер министрлигинин сайтына дүйшөмбү күнү жарыяланган билдирүүдө Рамил Сафаровдун абактан бошотулуусу Армения-Азербайжан тирешүүсүн жөнгө салуу боюнча эл аралык аракетке каршы келери айтылат. Сафаров 2004-жылы Венгрияда НАТО уюштурган курста жүрүп, армениялык офицер Гурген Маркарянды өлтүрүп койгон. Аны 2006-жылы Будапешт шаардык соту өмүр бою абакка кескен. Расмий Баку Сафаров калган жаза мөөнөтүн Ата Журтунда өтөт деп кепилдик бергенден улам Венгрия айыпкерди Азербайжанга өткөрүп берген эле.

Президент Илхам Алиев 31-августта Рамил Сафаров Бакыга келер замат, ага мунапыс берген. Армения Сафаровду бошотууга байланыштуу Венгрия менен дипломаттык мамилесин токтотту.

XS
SM
MD
LG