Ирандын абадан коргонуу күчтөрүнүн командачысы дүйшөмбү күнү маалымдаганга караганда, өлкөнүн ракета чабуулунан коргонуунун жаңы системасы 30 процентке даяр. Генерал Фарзад Исмаилинин айтымында, “Бавар-373” системасы келерки 2013-жылдын аягына толук бүтөт жана ал совет мезгилиндеги С-300 ракета системасына караганда “алда канча мыкты” жана “бутаны С-300гө салыштырганда мыкты таап, кыйратат”. С-300 авиачабуулдардан, пилотсуз учактар менен баллистикалык ракеталардын соккусунан коргоочу система. Орусия Иранга каршы БУУ киргизген санкцияны бузат деп, С-300дү Тегеранга сатпай койгон.
Генерал Фарзад Исмаилинин билдиришинче, “Бавар-373” системасы быйыл ноябрдын башында сыналат.
Генерал Фарзад Исмаилинин билдиришинче, “Бавар-373” системасы быйыл ноябрдын башында сыналат.