Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

“Республика” 5 депутаты коалицияга киргенин төгүндөдү


“Республика” фракциясы депутат Канатбек Исаевдин бул фракциянын беш депутаты коалицияга кирди деген маалыматы туура эместигин “Азаттыкка” аталган фракциянын басма сөз катчысы Улан Исакбеков билдирди.

Канатбек Исаев кечээ “Республикадан” коалицияга кирген эл өкүлдөрүнүн арасында К. Дыйканбаев, А. Бекматов,Н. Алимбеков, Э. Обдунов, Н. Мурашевдин аттарын атаган.

Алардын бири Нурбек Алимбеков мындай дейт:

- Канатбек Исаев беш депутатты коалицияга кирди деп айтып коюптур. Ал бешөөбүз тең кирген жокпуз. Азыр маалматты төгүндөп жатабыз.

Кечээ жаңы түзүлгөн коалициялык көпчүлүккө “Ар-Намыс”, “Ата Мекен”, КСДП фракциялары кирди. (AKu)

XS
SM
MD
LG