Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Эчкили-Таштагы окуя боюнча кылмыш иши козголду


Кыргызстандын аскер прокуратурасы Эчкили-Таштагы окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Азаттыка” Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сейитжан Апышев билдирди. 20-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райоунундагы Эчкили-Таш чек ара бекетинде болгон ок атышуу боюнча иш тергелип жатат.

Ушул жылдын башынан бери Кыргызстандын чек арасында адам өмүрүнө зыян алып келген 8 окуя болгон, анын алтоосуна кылмыш иши козголгон.

Ак-Суудагы чек ара бекетинде 20-августта 19 жаштагы жоокер 4 кызматташын, жана алардын бирөөсүнүн жубайын атып өлтүргөн. Кийин өзү колго түшүрүү операциясы учурунда окко учкан. 2-сентябрда Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу боюнча комитети бул маселени Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Шамил Атахановдун катышуусунда талкуулады. (AKu)

XS
SM
MD
LG