Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Мишел Обама Демократиялык партиянын съездинде делегаттарга кайрылат


АКШнын демократиялык партиясы Түндүк Каролинанын Шарлотт шаарында бүгүн шайлоо алдындагы курултайын ачат. Барак Обама АКШнын президенттигине экинчи жолу талапкерлигин коюуга макулдугун бейшемби күнү жарыялайт деп күтүлүүдө. Шаршембиде Обаманын талапкерлиги боюнча АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон сөз сүйлөйт. Бүгүн Мишел Обаманын кайрылуусу форумдагы негизги окуя болмокчу.

Обаманын шайлоо өнөктүгүнүн негизги өзөгүн 2014-жылга чейин ооган согушунда Американын аскердик катышуусун токтотуу жана Ирандагы өзөктүк курал программасына бөгөт коюу түзөт. Өткөн аптада Флорида штатындагы Тампа шаарында республикачылар Митт Ромнинин талапкерлигин президенттикке көрсөтүшкөн. Салт боюнча анда да Ромнинин жубайы делегаттарга кайрылган эле. Акыркы сурамжылоолорго караганда талапкерлердин жеңишке карай мүмкүнчүлүгү бирдей болуп келатат.

Айрым социологиялык сурамжылоолор Обамага көбүрөөк артыкчылык берилип жатканын айтышса, башкалары, тескерисинче, шайлоочулардын көпчүлүгү Митт Ромнини колдоого даярдыгын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG