Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

"Кызыл Чырымдын" башчысы Сирия президенти менен жолукту


Петер Маурер жолугушууда Сириядагы гуманитардык кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирди. "Кызыл Чырым" уюмунун расмий өкүлү Хишам Хассандын билдиришинче, бир саатка чукул болгон сүйлөшүү позитивдүү маанайда өттү. Маурер карапайым элге өз учурунда медициналык жардам, таза суу, тамак-аш жана башка жүктөрдү жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, сирия бийлигин эл аралык гуманитардык укукту сактоого чакырды.

Сириянын маалымат каражаттырынын билдиришинче, Асад Кызыл Чырым комитетинин көз карандысыз ишин колдой тургандыгын билдирди. Сирия оппозициясынын лидерлеринин бири Абделбасет Сида кагылышуулар токтоп, Башар Асад кызматтан кете турган болуп калса, анда Сирияны калыбына келтирүү үчүн масштабдуу программа керек болорун билдирди.

Укук коргоочулардын айтымында, Сирияда август айы абдан кандуу болду. Бул убакыт аралыгында 5 миң киши мерт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG