Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Президент Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлерди сунуштады


Президент Алмазбек Атамбаев 4-августта Сотторду тандоо кеңеши сунуштаган 32 талапкердин ичинен 25инин тизмесин Жогорку Кеңешке берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

22-августта Сотторду тандоо кеңеши президенттин кароосуна берген 32 талапкер менен маектешип, алардын жетөөсүн колдогон эмес.

Мыйзамга ылайык, президент аны парламентке 10 жумушчу күндүн ичинде бериш керек, ал эми парламент эки аптадан кечиктирбей чечим чыгарууга милдеттүү.

Жогорку Соттун судьялыгына арыздарды кабыл алуу июнда башталып, ага 92 адам катышкан. Үч айлампадан турган тандоо 10-августта жыйынтыкталды. Сотторду тандоо кеңеши акыркы айлампага өткөн 66 талапкердин 32сине добуш берди.

Жогорку Сот 35 судьядан турат. Сынак эки жыл мурда башталган сот системасын реформалоонун негизинде өткөрүлүүдө. (AKu)

XS
SM
MD
LG