Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:11

Чек ара аскер кызматы УКМКдан бөлүнөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

2013-жылдын 1-январынан тарта Чек ара кызматы өзүнчө орган катары иштей баштайт. Президент Алмазбек Атамбаев буга байланыштуу жардыкка 4-сентябрда кол койду.

- Биринчиден, бул – өзүнчө бир орган болот. Экинчиден, анын каржылануусу эч кимден көз каранды болобойт, мисалы, УКМКдан. Демек чек ара маселелерди ыкчам чечүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындай чара бул тармакта акыркы 20 жылда болуп келаткан кемчиликтерди жоюу үчүн көрүлүп жатат.

Дүйшөнбек Зилалиев чек ара адистери Кыргызстанда саналуу экенин, бул тармакта милиция жана башка кызматкерлер иштеп келгенин кошумчалады.

2012-жылдын башынан бери чек арада адам өлүмүнө алып келген 8 окуя катталып, анда 10дон ашуун киши көз жумган. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG