Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:34

Кыргызстанда социалдык абалы начар 129 миң үй-бүлө бар


Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн жетекчиси Жумабек Асылбеков билдирди.

Мындай үй-бүлөлөргө жыл сайын мамлекеттин эсебинен дан берилет. Эсеп боюнча ага 64 миң тонна буудай керек. Жумабек Асылбековдун айтымында, быйыл мамлекетте андай көлөмдөгү буудай бар.

Ал эми Кыргызстандын буудайга болгон жылдык муктаждыгы 1 миллион тоннанын тегерегинде. Өлкөдө 600 миң тоннадай буудайдын жыйналышы божомолдонуп жатат. Жумабек Асылбеков мунун себебин мындайча түшүндүрдү:

- Биринчиден, күзүндө буудай аз себилип калды. Экинчиден, кургакчылык болду, түшүмдүүлүк төмөн. Былтыр 1 гектардан 26 центнер буудай алсак, быйыл 16-17 центнер деп эсептеп жатабыз.

Кошумча Казакстандан, Орусиядан буудай алынып келет. Кыргызстанда оруп-жыюу иштери болжол менен 80 пайызга аяктап калды. (AKu)

XS
SM
MD
LG