Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:30

Сатыбалдиев: Илең-салаң иштегендерге өкмөттө орун жок


Ушу тапта Жогорку Кеңештин адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде жаңы өкмөт боюнча маселе талкууланып жатат. Жаңы коалиция тарабынан премьер-министрликке сунушталган Жантөрө Сатыбалдиев учурдагы социалдык-экономикалык абал тууралуу жалпы маалымат берип, жаңы өкмөттөн чечүүнү талап кылган орчундуу маселелерге токтолду.

"Биздин ураан: "Иштөө, иштөө жана иштөө!". Эң негизги маселе - элди кыштан аман алып чыгышыбыз керек. Бюджеттик акчага той-маараке өткөрүп, эстелик тургузууну токтотуу зарыл. Айыл-чарбадагы түшүм быйыл былтыркыга караганда 1,7% аз болууда, көмүр менен 27 % гана камсыз болдук", - деди Сатыбалдиев.

Премьерликке талапкер ошондой эле жаңы өкмөттө илең-салаң иштеген кызматкерлерге орун жок экенин эскертти. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG