Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

6-сентябрга карата аба ырайы


6-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана республиканын тоолуу райондорунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30,
Талас облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 24...29,
Баткенде түнкүсүн 11...16 күндүз 24...29 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17 күндүз 27...32,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 8...13, чыгыш тарабында 5...10, күндүз 21...26, чыгыш тарабында 24...29,
Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 20...25,
Тоолордо түнкүсүн -4...+1, ал эми күндүз 6...11 болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13...15, күндүз 27...29 градус болот.

Бүгүн (5-сентябрда) эртең менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 20 градус болду.

XS
SM
MD
LG