Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Клинтон Кытай менен Орусияга "таң калды"


Ушул күндөрү иш сапары менен Бээжинде жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кытайдын лидери Ху Цзинтао менен жолугушту. Жолугушуудан кийин Клинтон журналисттердин суроолоруна жооп берип, АКШ жана бир катар өлкөлөрдүн Сирия режимине каршы санкцияларды күчөтүү сунушуна көнбөй жаткан Кытай менен Орусияга Вашингтон таң калганын айтты. “Бирок дипломаттар Дамасктын өз элине кыргынын токтотуу үчүн кошумча жолдорду издеп жатышат”,-деди Клинтон.

Маалымат жыйынына Клинтон менен чогуу катышкан Кытайдын тышкы иштер министри Ян Чзеци Бээжин БУУнун жана Араб лигасынын Сирия боюнча атайын чабарманы Лахдар Брахимдин элдештирүү аракеттерин толук колдой турганын билдирди.

Буга чейин да Сирия режимине катуу чара колдонуу боюнча БУУнун резолюциясын Кытай менен Орусия колдогон эмес.

XS
SM
MD
LG