Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

Беларус Жаныш Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербейт


Беларустун Башкы прокуратурасы Кыргызстандын мурдагы президентинин бир тууган иниси Жаныш Бакиевди өткөрүп берүү боюнча Кыргызстандын прокуратурасынын жиберген катын канааттандырган жок. Бул тууралуу бүгүн Беларус прокуратурасы расмий сайты аркылуу маалымдады.

"Жаныш Бакиевге тагылган айыптарды Беларус тарап саясий мүнөздө деп эсептейт жана прокуратуранын кайрылуусун канааттандырбайт", - деп жазылган расмий сайтта.

Жакында Жаныш Бакиевдин Минскидеги кымбат ресторандардын биринде жүргөнүн беларус оппозиционери сүрөткө тартып алып, интернет сайттарга жарыялап, мындан улам Кыргызстанда бир нече ирет нааразычылык акциялары өткөн.

28-августта Бишкектеги Беларус элчилигинин алдына Бакиевдерди экстрадициялоону талап кылып, нааразылыгын билдирип чыккан “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” бирикмелеринин өкүлдөрү имараттын айнектерин талкалап, тегерек-четиндеги тосмолорду сындырганга аракет кылышкан.

Жаныш Бакиевге 7-апрелде элге ок атууга буйрук бергени жана башка бир топ кылмыш иштери боюнча эл аралык издөө жарыяланган. Ал эми агасы, экс-президент Курманбек Бакиевди Беларус бийлиги Кыргызстанга кайтарып берүүдөн баш тартып, ага жарандык бергени да айтылган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG