Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:14

Сирия: Алеппо үчүн кармаш уланууда


Кеңсеси Лондондо жайгашкан сириялык адам укугун коргоочу уюм өткөн суткада Алеппо шаарында өкмөттүк күчтөрдүн аткылоосунан 19 киши каза тапканын билдирди. Сириянын мамлекеттик телеканалы куралдуу күчтөр жакынкы он күндүн ичинде козголоңчуларды сүрүп чыгарып, Алеппону толук көзөмөлгө алууга ниеттенип жатканын маалымдады. Дамасктан кийинки чоң шаар саналган Алепподо оппозиция менен бийликтин куралдуу күчтөрү кармашып жатканына эки айдан ашты.

БУУнун жана Араб лигасынын Сирия боюнча атайын чабарманы Лахдар Брахими Сирияда өлгөндөрдүн саны “айраң таң калтырчудай” болуп өсүп жатканын, а шаардын талкаланганын “катастрофа” деп атады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG