Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Жалал-Абад: Баласын орусча окутам дегендер көбөйүүдө


Жалал-Абад шаарында балдарын орусча окутам дегендер көбөйүүдө. Быйыл мектеп босогосун алгач аттаган эки миңдей баланын бир миң эки жүзгө жакыны орус мектептерине кирди. Ата-энелер муну балдарын мектепти бүткөндө Орусияга барып иштөөсү, жогорку окуу жайларда окутуу орус тилинде болушу жана бөлөк улуттагылар менен кенен сүйлөшө алуусуна умтулганы менен түшүндүрүп жатат.

Шаардагы эки орус мектебинен тышкары жети мектепте орус класстары ачылды. Жалал-Абаддагы мыкты деп эсептелген М.Бабкин атындагы орус гимназия-мектеби быйыл 1-класска балдарды кабыл алган жок. Анткени окуу үч нөөмөттө жүргүзүлөт, класстар жетишпейт. 650 орундуу мектепте учурда 1700 бала окуп жатат. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG