Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Каддафинин “оң колу” Ливияга өткөрүлүп берилди


Мавритания бийликтери Ливияны Муаммар Каддафи башкарып турган кезде чалгын кызматын жетектеген Абдулла аль-Сенуссини өз өлкөсүнө өткөрүп берди. Каддафинин ишенимдүү өкүлү саналган Сенусси мындан беш ай мурун чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып менен Мавританияда камакка алынган болчу. Атайын кызматтын мурдагы башчысы Каддафинин режиминде иштеген мезгилдеги кылмыштары үчүн күнөөлөнүүдө. Сенуссини Нигера аймагынын үстүндө бараткан француз авиакомпаниясынын учагына кол салып, 170 кишинин өлүмүнө себепкер болгон деген айып менен Франция соту өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Эл аралык кылмыш соту аны ливиялык көтөрүлүшчүлөргө каршы уюштурган чабуулу үчүн “адамзатка каршы кылмыш жасады” деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG