Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

Орусияда оппозиционерге 10 миң рубль айып салынды


Москвада Хамовнич соту 17-августта Pussy Riot тобунун кыздарынын соту болуп жатканда кармалган “Солчул фронт” кыймылынын лидери Сергей Удальцовго 10 миң рубль айыппул салды. Сот Удальцовду “алдын ала эскертпей туруп жарандарды митингге чогулткан жана сот залына кирүүгө аракеттенген” деп айыптоодо. Оппозиционер тагылган айыптарды четке кагып, соттун чечимине каршы жогорку инстанцияларга арызданаарын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG