Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Парламент Жантөрө Сатыбалдиевди премьерликке бекитти


Бүгүн кечинде Жогорку Кеңеш Жантөрө Сатыбалдиевди өкмөт башчылыгына 111 добуш менен бекитти. 2 эл өкүлү каршы добуш берди. Парламент аны менен кошо жаңы өкмөттүн курамын да бекитти. Ага ылайык, биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Камила Талиева, министр макамындагы өкмөт аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев болду.

Берилген убада боюнча мурунку өкмөттүн курамы көп өзгөртүлгөн жок. Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов, каржы министри Ольга Лаврова, энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев болду. Калган министрлер ордунда калды.

Эми президент жарлыкка кол койгондон тарта жаңы министрлер кабинети иштей баштайт. (AKu)

XS
SM
MD
LG