Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

Парламент жаңы өкмөттүн программасын бекитти


Мындай чечимди Жогорку Кеңеш 5-сентябрдагы жыйынында кабыл алды. Аны 109 депутат колдосо, бирөө каршы добуш берди.

Министрлер кабинети, жаңы өкмөттүн курамы жана программасы ушул эле күнү парламенттин тиешелүү комитетинде каралып, “жаңы өкмөт программаны ишке ашырууга каражатты өзү пландаштырат” деген корутунду менен парламентке сунуштаган. Парламент жаңы программаны ушул эле шарт менен бекитти.

Жаңы өкмөттү Жантөрө Сатыбалдиев жетектейт. Ал президент жарлыкка кол койгондон тарта иштеп баштайт. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG