Шаршембиде Мавритания Ливиянын жаңы бийлигине мурдагы өлкө лидери, диктатор Муаммар Каддафинин чалгын кызматынын жетекчиси Абдулла ал-Сенуссини өткөрүп берди.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Патрик Вентрелл ливиялык бийликтерден ал-Сенуссинин коопсуздугун камсыз кылып, эл аралык нормаларга ылайык адилет сот жараянын уюштуруп берүүнү өтүндү. Human Rights Watch уюму расмий Триполини Эл аралык кылмыш соту менен кызматташып, буга чейин ал-Сенуссиге тагылган адамзатка каршы кылмыш деген айып боюнча кеңешүүнү сунуштайт.
Ал-Сенусси март айында Мавританияда кармалган. Ал Ливияда Каддафинин режими маалында жасалган кылмыштар үчүн айыпталууда.
Франция Абдулла ал-Сенуссини 1989-жылы Нигер мамлекетинин аймагында француз авикомпаниясынын учагын атып түшүрүп, анда 170 киши набыт болгон окуя үчүн өмүр бою эркинен ажыраткан.