Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Кыргызстан күйдүргүгө каршы дары менен камсыз болду


Бул тууралуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын жети айында 720 миңден ашуун бодо мал, 2 млн. чукул майда жандык, 120дан ашуун жылкы, 20 миңдей чочко эмделген. Ушул тапта бир миң 230дан ашуун күйдүргүнүн очогу болсо, алардын 500дөн ашууну бетондолгон.

Карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун маалыматына караганда, Кыргызстанда июль айынын соңунан ушул убакка чейин күйдүргү менен шектелген 9 адам ооруканага жаткырылган. Алардан бешөөнүн дарты лабораториялык текшерүүдө аныкталган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы айда 3 адам күйдүргү оорусу менен катталган. Алардын бирөө Бишкектеги Ош базарында эт алып-сатып иштеген аял. (КЕ)

XS
SM
MD
LG