Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Пакистанда терроризмге каршы күрөш боюнча жаңы мыйзам жактырылды


Документке ылайык, террористтик иш аракеттерди каржылоо - кылмыш болуп эсептелет жана жаза катары банктардагы эсептер жабылып, мүлк камакка алынат. Мындан тышкары сотко далил катары телефондук сүйлөшүүлөрдүн жана электрондук каттардын көчүрмөсүн көрсөтүү укугу каралган. Пакистандын расмий өкүлдөрүнүн пикиринде, эгер парламент жаңы мыйзамды кабыл алса, терроризмге айыпталып жаткандарды тергөө жана сот жообуна тартуу ыкмалары кадыресе өзгөрөт. Кылмышка шектелгендердин айыбын далилдөөгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жыл сайын бул өлкөдө полиция терроризмге шектелген жүздөгөн киши кармайт. Бирок аз эле кишиге айып коюлат.

XS
SM
MD
LG