Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

АКШ Ирактын үстүнөн өтчү ирандык учактардын текшерилишин талап кылууда


АКШ Ирак бийлигин өз аймагынан учуп өтчү Иран учактарынын жүктөрүн көзөмөлдөөгө чакырууда. АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Патрик Вентрелланын айтымында, Сирия президенти Башар Асадга Тегеран курал ташып жатат деген чочулоолордон улам ушундай демилге көтөрүлүүдө. Буга чейин Багдадга барган сенаторлор: Жо Либерман, Линдси Грэхэм жана Жон Маккейн Ирак бийлигин Сирияга курал ташый турган аба жолдорун жаппай турган болсо, ал АКШ менен мамилесин бузуп аларын эскертишкен эле. Либерман буга байланыштуу эки өлкө ортосунда 2008-жылы жетишилген стратегиялык өнөктөштүк боюнча келишимди мындан ары ишке ашыруу маселесин да көтөрүп чыкты. Жакында БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында бул уюмдун баш катчы Пан Ги Мун Сирияда кан төгүүнү токтотуу боюнча керектүү чараларды көрө албагандыгы үчүн Коопсуздук кеңешин сындаган эле.

XS
SM
MD
LG