Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:03

Түркия бийлиги: Аскердик кампадагы жарылуу диверсия болушу мүмкүн


Түркиянын батыш тарабындагы Афион провинциясында жайгашкан аскер кампасындагы жарылуудан 25 аскер кызматкери набыт болуп, дагы тогуз киши жарат алганы кабарланууда. Башкы штабдын өкүлүнүн билдиришинче, инвентаризация учурунда кампада эки жолу жарылуу болгон. Андан катуу өрт чыгып, аны сегиз сааттан ашык убакыт өчүрө албай кыйналышкан. Каза тапкан аскер кызматкерлеринин денелери катуу күйүп калгандыктан, алардын ким экендиги таанылбай калган. Кампада кол гранаталары сакталып турган.

Ушул тапта аймак курчалып, жергиликтүү тургундарды ал жерден алыс болууга чакырып жатышат. Анткени дагы жарылбай калган гранаталар болушу мүмкүн. Иликтөө иштери башталды. Бийлик муну күрт сепаратисттери уюштурган диверсия болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG