Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Коомдук телеканал 24 саат эфирге чыга баштады


Коомдук биринчи каналдын берүүлөрү 3-сентябрдан тарта күнү-түнү эфирге чыга баштады. Түнкү телеберүүлөр азырынча Чүй облусунда жана Бишкек шаарында көрсөтүлүүдө. Каражат маселеси чечилсе республиканын бардык аймактарында көрсөтүлө баштайт. КТРКнын башкы көркөм режиссеру Канат Култаевдин айтымында, түнкүсүн саат 12ден 02:00ге чейин жаштарга арналган көрсөтүүлөр түз эфирде чыгат. Анда конок катары студияга белгилүү инсандар, эстрада ырчылары чакырылып, жаңы видеоклиптер, кызыктуу рубрикалар көрүүчүлөргө тартууланат. Мындан сырткары түнкү каналда көркөм фильмдер жана рейтинги жогору болгон программалар жана “Ала-Тоо” маалымат программасы кайталанып көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн КТРКдан билдиришти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG