Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Кулмамбетовдун чыгармасы эл аралык сыйлыкка татыды


Жакында Борбор Азия жана Корея мамлекеттеринин миф, жомок, эпосторунун негизинде жазылган сценарийлердин эл аралык кароо-сынагында баш байге өзбекстандык киносценарист Мастура Исхаковага ыйгарылды. Жалпысынан бул кароо сынакка Британия, Индия, Орусия, Израил, Литва жана Борбор Азиядагы мамлекеттерден 232 сценарий жөнөтүлүп, калыстар тобунун элегинен өткөн. Алардын арасынан кыргызстандык белгилүү драматург жана театр сынчысы Жаныш Кулманбетовдун “Мекенимдин ташы” деген сценарийи биринчи сыйлыкка татыктуу болду. Чыгарма “Манас” эпосунда Жакыптын Алтайга көчүрүлгөн окуясынын негизинде жазылган. Аталган эл аралык кароо-сынак эки жылдан бери өткөрүлүп келатат. (КЕ/AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG