Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Тажикстанда өрттөн жабыркаган ишкерлер менен Дүйшөмбүнүн мэри жолукту


Дүйшөмбү шаарынын мэри Махмадсаид Убайдуллоев күйүп кеткен “Корвон” базарынын ишкерлери менен жолукту. Ал шаршемби күнү базарда чыккан өрттөн жабыкаган ишкерлерге банктан алган кредиттерин жабуу мөөнөтүн узартылып , тарткан чыгымдары базар жетекчилигинин эсебинен компенсацияланарын убада кылды.

Бүгүн “Корвон” базарынын 500гө чукул ишкери чогулуп, митингге чыгышкан. Кечээ кечинде базарда өрт чыгып, товарлар сакталчу чоң имараттарды жок кылды. Жергиликтүү бийлик өрттөн бир киши каза болуп, дагы экөө ооруканага түшкөнүн билдирди. Бирок айрым окуянын күбөлөрү өрттөн мерт болгондордун саны андан көп экендигин айтып жатышат. Кырсыктын себептери белгисиз бойдон калууда. Бирок иликтөө иштери башталды.

XS
SM
MD
LG