Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:09

Сирияда өкмөттүк күчтөр Тел-Чехаб шаарын кайра алышты


Бейшембиде өкмөттүк күчтөр Иордания менен чектеш жерде жайгашкан бир нече ай бою козголоңчулардын көзөмөлүндө туруп, качкындар үчүн негизги өткөөл болгон шаарды кайра тартып алышты. Активисттер болсо муну менен саясий режим өлкөндөн чыгып жаткан качкындарга бөгөт коюуну көздөп жатканын билдирет. Алардын маалымматы боюнча учурда 2 миң киши Иорданияга өтүү үчүн чек арада турат.

Мамлекеттик «САНА» агенттиги шаарда бир нече террорчу кармалып, өтө көп жардыруучу заттар алынганын кабарлады.

Бейшембиде Сириянын Тышкы иштер министрлиги Египеттин президенти Мухаммад Мурсинин “президент Башар бийликтен кетүүсү керек” деген билдирүүсүн өлкөнүн ички ишине одоно түрдө кийлигишүү катары баалады. Ал эми Түркиянын премьер-министри Эрдоган Асаддын режимин "мамлекеттик терроризм" үчүн айыптаганы сириялык бийликтердин катуу сынына кабылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG