Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:19

“Кумбел LTD” компаниясы сотто утуп алды


Нарындын Жерге-Тал айылына караштуу алтын казып жаткан “Кумбел LTD” компаниясы сотто утуп алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Нарын жаштар кеңеши” уюмунун тең төрагасы Руслан Асаналиев кабарлады. Анын айтымында, сотто утулганына карабай жергиликтүүлөр компанияны иштетпей турганын айтышууда. Айыл тургундары кен казууда экологиялык талаптар сакталбагандыктан суу булганып, айдаган картөшкө, чөбү жакшы өспөй калганын айтышууда.

“Кумбел LTD” компаниясынын жетекчиси Ишен Айтмамбетов эки жолу сот болгонун, экөөндө тең алардын мыйзамдуу иштеп жатканы белгиленгенин билдирүүдө.

Аталган айыл округунун башчылыгы, “Нарын жаштар кеңеши” уюму элдин атынан “Кумбел LTD” компаниясы экологиялык эрежелерди сактабай, мыйзамсыз иштеп келген деген жүйө менен сотко кайрылган болчу. (КЕ/TSh)

XS
SM
MD
LG