Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Токтонасыров Беларус элчилигинин алдындагы акциясын улантты


Укук коргоочу, “7-апрель” кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров Бакиевдерди Кыргызстанга өткөрүп беришин талап кылып, Беларустун Бишкектеги элчилигинин алдына акция чыкты. Токтонасыровдун “Азаттыкка” айтымында, бир сааттан бери элчиликтен сүйлөшүүгө эч ким чыккан жок. Учурда эки киши элчиликтин имаратынын алдында казан-аякты калдыратып, "Бакиевдерди өткөрүп бергиле, же өзүңөр көчүп кеткиле" деп талап кылышууда.

28-августта Бишкектеги Беларус элчилигинин алдына нааразылыкка чыккан “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” бирикмелеринин өкүлдөрү имараттын айнектерин талкалап, тегерек-четиндеги тосмолорду сындырганга аракет кылышкан. Элчилик милицияга кайрылып, тартип бузгандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Учурда имараттын алдында бир нече милиция кызматкерлери турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG