Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

“Ата-Журт” партиясы Коркмазовду сотко берди


“Ата-Журт” партиясы депутат Хажимурат Коркмазовдун айрым маалымат каражаттарына айткандарынын чын-төгүнүн далилдеп берүүсүн өтүнүп, Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган партиянын маалымат катчысы Нургазы Анаркулов кабарлады.

Коркмазов 2010-жылы "Ата-Журттун" катарында парламентке депутат болуп келген. Бирок жакында фракциядан бөлүнүп, Роман Шин, Нарынбек Молдобаев болуп топ түзүп, жаңы коалицияга кошулган. Ошол эле күндөрү маалымат каражаттарынын бирине маек куруп, фракция ичиндеги мамилелер тууралуу пикирин айткан.

“Ата-Журттун” тарапкерлери депутат Хажимурат Коркмазовду “партия лидерлерин улутчул атады, улут аралык мамилелерге чок салды” дешип депутаттык мандатын тапшыруусун талап кылып, митингге чыгышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG