Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

Бишкекте Малайзияга арналган жыйын өтөт


"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду Тышкы иштер министрлиги менен өнөктүктө 11-сентябрда Малайзияга арналган жыйын өткөрөт. Иш-чара Discover Asia долбоорунун алкагындагы уюштурулуп жатат. Жолугушуу АСЕАН ири экономикасына жана дүйнөдөгү 29-орунду ээлеген Малайзиянын экономикасына арналат. Бул өлкө электрондук чип жана тиричилик салкындаткычтарды чыгаруу боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлейт. Иш-чарага Малайзиянын экс-премьер-министри Тун доктор Махатхир Бин Мохама катышат. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты.

Discover Asia - маалыматтык-агартуучулук демилге. Мында башка өлкөлөрдүн бизнес-мүмкүнчүлүктөрү, маданият, салт, экономика жана финансы тармагындагы, өндүрүш, социалдык практикадагы ноу-хаунун ийгиликтүү тажрыйбасы тууралуу маалымат алса болот. Discover Asia жолугушуулары ай сайын өтүп турат. Буга чейин Бангладеш, Кытай, Индия жана Жапонияга арналган жолугушуулар уюштурулган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG