Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Окко учкан чек арачынын жубайы ооруканада


Эчкили-Таш туругунда окко учкан чек арачылардын бири Саадат Токтосуновдун кош бойлуу жесири Гүлзар Бейшекеева ушул тапта ооруканада жатат. Анын жети айлык боюнда бар. Эчкили-Таш чек ара туругунда беш кишини атып өлтүргөн окуядан соң анын боюнан козголуп, ооруканага жаткан болчу. Учурда абалы канааттандырарлык.

Гүлзар Бейшекееваны аталган чек ара туругунда беш кишини атты делип аткан чек арачы Балбай Кулбурак уулу командирдин жубайы менен чогуу курал-жарак сактаган кампага камап койгон. Аларды ошол аймакта туристтерди коштоп жүргөн жергиликтүү тургундардын бирөө куткарган.

20-августта Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш бекетинде Балбай Кулбарак уулу аттуу чек арачы төрт кызматташын жана алардын биринин аялын атып өлтүргөн. Өзү эртеси колго түшүрүү учурунда окко учкан. Аскер прокурору Марат Эшмеперов окуя боюнча тергөө уланып жатканын “Азаттыкка” билдирди. (КЕ/EBM)

XS
SM
MD
LG