Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Обаманын убадасы


Барак Обама Демократиялык партиянын курултайынын акыркы күнүндө, 6-сентябрь, 2012
Барак Обама Демократиялык партиянын курултайынын акыркы күнүндө, 6-сентябрь, 2012

АКШнын Түндүк Каролина штатында Демократиялык партиянын курултайында президент Барак Обама ноябрдагы президенттик шайлоого катышыш үчүн талапкердикти кабыл алды. Ал демократтардын алдында сүйлөп, америкалыктардын үмүтүн актайм деп касам ичти жана бул үчүн аны дагы бир жолу президент катары шайлоого үндөдү.

Түндүк Каролинадагы Шарлотт шаарында демократтардын курултайы үч күнгө созулду. Анын акыркы күнүндө, бейшембинин кечинде, Обама формалдуу түрдө талапкердикти кабыл алып, элге кайрылды. Президенттин айтымында, америкалыктардын алдында айкын тандоо турат.

"Ар бир маселе боюнча сиздер жөн гана эки талапкердин же эки партиянын бирин тандабайсыздар, - деди Обама. - Сиздер Американын өнүгүшүнүн эки таптакыр башка жолунун бирин, келечекке карата эки бөлөк фундаменталдык көз караштын бирин тандашыңыздар керек".

Обама өзү сунуш этип жаткан өнүгүү жолу тегиз эмес экенин, акыркы ондогон жылдар бою чогулуп келген проблемаларды чечиш үчүн көбүрөөк убакыт талап кылынарын моюнга алды.

Президент азыр 8,3% барабар жумушсуздукту кыскартууга аракет кылып жатканын, 2016-жылга чейин өндүрүш тармагында 1 миллион жаңы жумуш ордун түзөөрүн, 2 миллион адамды жамааттык колледждерде окутаарын айтты. Мындан сырткары, Кошмо Штаттарынын экспортун эки жылда эки эсеге көтөрүп, 2020-жылга чейин өлкөнүн таза мунай импортун жарымына чейин кыскартууга убада кылды.

"Биздин проблеманы чечкенге болот. Биз сунуштап жаткан жол оңой эмес, бирок жакшы жашоого алып барат, - деди президент. - Ошон үчүн мен сиздерди ушул багытты тандоого чакырам".

Обама 6-ноябрдагы президенттик шайлоодо Республикалык партиянын атынан талапкер Митт Ромни менен беттешет. Ромни – Массачусетс штатынын мурдагы губернатору.

Соңку социологиялык сурамжылоолор Обама Ромниден бир аз гана алдыда экенин көрсөтүүдө.

Демократтар талапкердикти тапшыруу аземин алгач Шарлоттогу 74 миң орундуу стадиондо өткөрөбүз деп жатышкан. Кийинчерээк синоптиктер бул күнү шаарда чагылган болуп, күн күркүрөй турганын айтышканда уюштуруучулар аземди 15 миң гана адам батчу аренага которушту.

Атаандаш республикачылар муну заматта “стадионго адамды толтура албайбыз деп коркуп жатышат” деп комментарийлегенге үлгүрүштү.

Обаманын алдынан бул күнү вице-президент Жо Байден да сүйлөп, ал да формалдуу түрдө экинчи мөөнөт үчүн талапкердикти кабыл алды.

"Биз бул миссияда биргебиз, биргеликте биз элди карыздан, кыйынчылыктардан чыгарып, ишенимге, бакубат жашоого алып баруу милдетин аткарабыз. Мага ишенип койгула, биз бул ишти аягына чыгарабыз", - деди Байден.

Шаршембиде курултайда Обаманы колдоп мурдагы президент Билл Клинтон сүйлөдү. Анын айтымында, бир да президент Республикалык партия калтырган толгон-токой проблемаларды Обамадай төрт жылда калыбына келтире алган эмес. “Ал эч кимдин колунан келбегенди жасады”, - деди Клинтон.

Курултайдын биринчи күнүндө болсо президенттин жубайы Мишел Обама сүйлөп, өзүнүн жолдошун “өлкөнүн оор абалдагы экономикасын кайра жандандырууда биз ишене турган адам” деп атаган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG