Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Беларуста оппозициячыл активист кармалды


"Чындыкты айт" кыймылынын активисттери кесиптеши Павел Винохрадовдун бүгүн камакка алынгандыгын билдиришүүдө. Винохрадовдун аялы Светлана күйөөсү эмнеге кармалгандыгы тууралуу түшүндүрмө берилбегенин айтууда. "Чындыкты айт" өнөктүк тобунун кеңселери кечээ тинтилген. Бул күнү тартип коргоочулар жана коопсуздук кызматкерлери уюмдун компьютерлерине мөөр басып, бардык басылмаларын тартып алышкан. Активисттердин айтымында, конфискацияланган материалдар парламенттик шайлоо өнөктүгүнө байланышкан документтер болчу. Парламенттик шайлоо Беларуста 23-сентябрда өтөт. Социалдык көйгөйлөр тууралуу ачык айтууга үндөгөн "Чындыкты айт" тобу оппозициядагы саясатчы жана Беларустун мурдагы президенттик талапкери Владимир Некляев тарабынан 2010-жылы негизделген.

XS
SM
MD
LG