Линктер

ишемби, 21-январь, 2017 Бишкек убактысы 00:44

Талапкерлик сөзүндө Обама экономикалык пландарын ачыктады


АКШнын президенти Барак Обама экинчи мөөнөт мамлекет башчысы болуу сунушун расмий кабыл алды. Түндүк Каролинанын Шарлотт шаарындагы Демократиялык партиянын улуттук курултайында сүйлөгөн Обама кыйынчылыктарды дароо эле чечип салам деп сөз бере албай тургандыгын эскертти. Жумушсуздукту 8.3 пайыздан төмөндөтө албай келаткан президент "ондогон жылдардан бери топтолгон проблемаларды жөнгө салууга дагы бир канча жыл керек" деди. Мунун алдында вице-президент Жо Байден "биздин максат мамлекетти күмөн саноодон жана төмөндөөдөн оолактатып, үмүттү жана байманалуу турмушту көздөй багытоо" деген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG